11.02.2019 10:08

Жайыл районунда айыл четинен сөөгү табылган 26 жаштагы жигиттин өлүмүнүн жагдайы белгилүү болду

Жайыл районунда айыл четинен сөөгү табылган 26 жаштагы жигиттин өлүмүнүн жагдайы белгилүү болду

Жайыл районунда айыл четинен сөөгү табылган 26 жаштагы жигит тоңуп каза тапкан. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББи билдирди.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 9-февралында Жайыл районунун Ички иштер бөлүмүнүн нөөмөтчүлөрүнө Эриктүү айылынын четинде жайгашкан каналдардын биринен сөөк табылганы тууралуу  маалымат түшкөн.

Бул факт дароо аталган райондун ИИБинде катталган. Жерине дароо тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлүп, алар айтылган жерден киши колдуу болгонунун белгилери жок жансыз денени табышкан. 

Соттук өндүрүштүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери маркумдун өздүгүн аныкташкан, ал Степное айылынын 26 жаштагы тургуну М.М. болуп чыккан. Ошондой эле, ал 2019-жылдын 8-февралында достору менен Кара-Балта шаарында бир теңтушунун туулган күнүн белгилегени маалым болгон. Ал жакта спирт ичимдиги ичилген. Үйлөрүнө кайтып баратканда, жигит ажаатканага баргысы келгенин айтып, унааны токтоттурган. Машинадан чыгып кеткенден кийин, бир топко келбеген жигитти достору  издеп, бирок таппай коюшкан. Эртеси анын тууганын ээрчитип алып, издегени келишип, жигиттин жансыз денесин табышкан жана милицияга кабарлашкан. 

Соттук-медициналык иликтөөнүн алдын ала божомолуна караганда, 26 жаштагы М.М. тоңуп каза тапкан. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.